Министрлик ID-картаны алмаштыруу боюнча улуттук кампания баштады

Жаңы ID-карталар биометрикалык маалыматтарды жана актуалдуу жеке маалыматтарды камтыйт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2004-жылдын үлгүсүндөгү AN сериясындагы ID-картаны 2024-жылдын жаңы үлгүсүндөгү ID-картага алмаштыруу боюнча улуттук кампаниянын башталгандыгын жарыялады.
Эскерте кетсек, кечээ президент Садыр Жапаров социалдык баракчасына паспортторду алмаштырууга акция жарыяланганын жазып, өнөктүк 1-июлдан 31-августка чейин созуларын билдирген.
Министрлик тараткан маалыматта 2024-жылдын жаңы үлгүсүндөгү ID-карта чиби жок сары түстөгү пластикалык паспорт болору айтылат.
"Кампания 2024-жылдын 1-июлунан 31-августуна чейин өлкө аймагында жана чет өлкөлөрдөгү мекемелерде аты-жөнүн өзгөртүү, жоготуу, бузуу сыяктуу себептер менен ыктыярдуу жана акысыз негизде жүргүзүлөт. Жаңы ID-карталар биометрикалык маалыматтарды жана актуалдуу жеке маалыматтарды камтыйт. ID-картаны алмаштыруу базадагы маалыматтарды актуалдаштырууга, шайлоо жол-жоболорун оптималдаштырууга жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат кабарда.
Министрлик 2004-жылдын үлгүсүндөгү AN сериясындагы ID-карталар гана алмаштырыларын белгиледи. 2017-жылдын үлгүсүндөгү биометрикалык AD-карталары алмаштырууну талап кылбайт, анткени алар бардык эл аралык стандарттарга жооп берип, жакшы корголгон болуп саналат.
Радио
Садамбеков: жаңы паспорттордогу коргоо элементтери аны жасалмалоодон сактайт