Пресс-борбор

Ысык-Көлдө өтчү "Шериктештик балдары" форумуна 100дөн ашык окуучу катышат

Форумду өткөрүү 2013-жылы демилгеленип, андан бери иш-чарага 700дөн ашык окуучу катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында 25-июндан 4-июлга чейин "Шериктештик балдары" маданий-агартуучу форуму өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн иш-чарада КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин башкы катчысы Дмитрий Кобицкий билдирди.
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин башкы катчысы Дмитрий Кобицкий (экранда)
Анын айтымында, форумга Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан 100дөн ашык окуучу катышат.
"Форумду КМШ ПАА, Жогорку Кеңеш, КМШ өлкөлөрүнүн кызматташтыгы боюнча эл аралык гуманитардык фонд уюштурууда. Катышуучулар өз өлкөлөрүнүн салт-санаасын көрсөтүп, алар үчүн интеллектуалдык лекциялар, поэзия кечелери, кино жана башка иш-чаралар сунушталат. Учурдагы жолугушуу КМШда ыктыярчылар жылында өтүп жаткандыктан волонтердук, чыгармачылык активдүүлүк, укук маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Салттуу темалар менен катар жаштардын маданияты, башкаларга жардам берүү, айлана-чөйрөгө кам көрүү жана жаштар дипломатиясы талкууланат", — деди Кобицкий.
Ал "Шериктештик балдары" форумун өткөрүүнү 2013-жылы Жогорку Кеңеш демилгелегенин эске салды. Андан бери иш-чарага 700дөн ашык окуучу катышкан.
"Форумдун коноктору: парламент башчылары, депутаттар, сенаторлор, кино жана телевидение жылдыздары болушту. Алгачкы беш форум Кыргызстанда өтүп, кийин мектеп окуучуларынын өтүнүчү менен географиясын кеңейтүү чечими кабыл алынган. 2021-жылы иш-чара Санкт-Петербургда, ал эми 2023-жылы Өзбекстанда өткөрүлгөн. КМШ ПААнын жаштарга жана балдарга байланыштуу көптөгөн долбоорлору бар. Биз КМШнын келечегин жаштар түптөй турганына ишенебиз", — деп белгиледи кеңештин жетекчиси.
Кыргызстандык окуучулар "Шериктештиктин балдары" эл аралык форумуна катышат