СССР. 87 жыл мурда дүйнөнү таңданткан авиакаттам. Тарыхый видео

Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бир катар чөйрөлөрдө Россиянын учактарды куруу жана конструкциялоо тажрыбайсына сөз тийгизип, бул тармактагы беделин төмөндөтүү аракеттери модага айлана баштады.
Мындан 87 жыл мурда, тагыраагы, 1937-жылы 20-июнда көздөгөн жерине ортодо эс албай, тыным албай, ортодон конбой учкан СССР — Түндүк уюл — АКШ тарыхый каттамы жасалган. Экипаждын командири Валерий Чкалов, экинчи пилот Георгий Байдуков жана штурман Александр Беляков эле.
Маанилүү долбоорго авиаконструктор Андрей Туполевдин АНТ-25 учагы тандалып, алар көздөгөн жерине тынымсыз учуп отуруп, 63 саат 16 минутада жеткен.
"Москвадан Орегонго самолет учкан окуя бул мамлекеттин пилоттору, штурмандары аба кемелерин кыйын кырдаалда да башкарып, ишти жөнгө салып кетүүгө, узак убакытка чыдап берген кыймылдаткычтарды чыгарууга жөндөмдүү экендигин көрсөттү", — деп жазган Flight International (24.06.1937).
Сербиялыктар НАТОнун кымбат учагын атып түшүргөн. Тарыхый видео