Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты адамга ок чыгарды деп кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты адамга травматикалык курал менен жаракат келтирген деген шек менен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чолпон-Атанын жашоочусу 2022-жылы аны себепсиз эле эки жолу травматикалык курал менен аткан шаардык кеңештин депутатына чара көрүү арызы менен кайрылган.
Экспертиза жүргүзүлүп, арыздануучунун сол далысында тактар бар экени аныкталган. Ал айыгып калган жараат экени белгиленди.
ИИМ белгилегендей, жабырлануучу укук коргоо органдарына эки жылдан кийин кайрылган себебин шектүү уюшкан кылмыштуу топ менен байланышта болгондуктан өз жашоосу үчүн корккону менен түшүндүргөн.
Кылмыш иши козголуп, 45 жаштагы А.У. аттуу жаран кармалганы кошумчаланды.
УКМК Ош мэринин мурунку жардамчысын ишкерлерден акча алып турган деп кармады