Радио

Борбор Азияда суу маселесин чечүүдө бирдиктүү келишим түзүү мүмкүн эмес

Улуттук илимдер академиясынын "Суу проблемалары жана гидроэнергетика" институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев суу маселесине байланышкан коңшу мамлекеттер менен түзүлгөн келишимдердин көбү кагаз бетинде гана калганын айтты.
Sputnik
Борбор Азиядагы суу маселесин чечүүдө коңшу беш өлкөнүн бардыгын канааттандырган бирдиктүү келишимди түзүү мүмкүн эмес же өтө татаал. Мында эки тараптуу же үч тараптуу макулдашууларды бекитип, көйгөйдү жөнгө салууга мүмкүн болорун Догдурбек Чонтоев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Борбор Азия өлкөлөрү суу ресурстарын туура пайдалануу боюнча дайыма сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турушу керек.
"Борбор Азиядагы суу көйгөйүн чечүү татаал процесс. Акыркы 3-4 жылдан жери бул маселе менен түздөн-түз иштеп жатам. Коңшу мамлекеттер менен сууга байланыштуу түзүлгөн келишимдер абдан көп. Бирок алардын көбү кагаз бетинде гана калып келе жатат. Анткени Борбор Азиядагы суу маселесин чечүүдө коңшу беш өлкөнүн бардыгын канааттандырган бирдиктүү келишимди түзүү мүмкүн эмес же өтө татаал. Мисалы, биз тараптан иштелип чыккан документти коңшу өлкө же башкалары ар түрдүү кабыл алат. Балким эки тараптуу же үч тараптуу макулдашууларды бекитип, көйгөйдү жөнгө салууга мүмкүн болор. Өлкөдө суунун көлөмү 51 миллиард куб метр болсо, Кыргызстан анын 12 миллиард куб метрин гана ички керектөөгө жумшайт, калган 39 миллиард куб метр коңшуларга агып чыгат. Анын 24 миллиард куб метри Өзбекстанга, 7 миллиарды Кытайга, 2 миллиарды Тажикстанга кетсе, дагы жетиси Казакстанга агат. Бизге алардан эч бир суу агып кирбейт. Демек, ушуларды эске алып макулдашууларга баруу зарыл", — деди Чонтоев.
Ошондой эле окумуштуу 1991-жылга чейин Кыргызстан коңшу өлкөлөргө агып чыккан суу үчүн Москвадан компенсация алып турганын кошумчалады.