Бишкекте балдар арасында бокс боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Азия чемпионатына тандоо үчүн Бишкекте балдар арасында бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөрүн Бокс федерациясы билдирди.
Спорттук мелдеш 19-июндан 23-июнга чейин 13-14 жаштагы балдар арасында уюштурулмакчы.
"Чемпионат IBA эрежеси боюнча өтөт. Иш-чара СССРдин спорт чебери жана Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Владимир Рословдун элесине арналат", — деди уюштуруучуМаалым болгондой, мелдешке 164 жаш спортчу катышары күтүлүүдө.
БРИКС оюндары. Ушу-таолу боюнча Кыргызстандын курама командасы үч медаль жеңди