Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Чалгын кызматы: Батыш Зеленскийди кетирүүгө камынып жатат

Ак үй Зеленскийди тарых таштандысына ыргытуудан тартынбай турганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Россиянын Тышкы чалгын кызматынын маалыматы боюнча, Батыш Владимир Зеленскийди "алып салууга" камданып жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Батыш Зеленскийди кетирүүгө камынууда. Тышкы чалгын кызматы алган маалыматка караганда, Вашингтон жана анын жандоочулары 20-майдан кийинки кырдаалга канааттанышууда. Анткени Зеленскийдин легитимдүүлүгү толугу менен Батыштын колдоосуна көз каранды болуп калды", — деп айтылат маалыматта.
Ведомство белгилегендей, АКШ Зеленскийди Россия менен жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жөндөмдүү украиналык саясатчылардын бирине алмаштырат.
"Зеленскийдин пайдасыз болуп калганын жана Россия жеңилбей турганын түшүнгөн Ак үй аны тарых таштандысына ыргытуудан тартынбайт", — деген Чалгын кызматы.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башкы командачысы Валерий Залужный
Вашингтондо Украинанын президенттигине эң ылайыктуу талапкер катары өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башкы командачысы Валерий Залужный эсептелип жатканы белгиленди.
Май айында Зеленский Залужныйды Улуу Британияга элчи кылып дайындаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ президенти АКШ Зеленскийден качан кутуларын айтты