Баткенде экологиялык таза килем даярдаган ишкана ачылат

Ишкананы ачуу үчүн Ак-Сай айылындагы союз маалындагы кондитердик цехтин имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Баткенде жүндү кайра иштетип килем чыгарган цех ишке берилет. Бул тууралуу президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишкананы ачуу үчүн Ак-Сай айылындагы союз маалындагы кондитердик цехтин имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Ага бюджеттен 2 миллион 800 миң сом бөлүндү.
"Учурда 32 аял килем токуу боюнча окуудан өтүп жатат. Цехке сырье да ишканадан даярдалат. Айылдагы жүн кабыл алынып, жууп-тазаланып, жип өндүрүлөт. Натыйжада экологиялык жактан таза, жумшак, сапаттуу, жаңы технология менен токулган килемдер даярдалат", — деп жазылган маалыматта.
Ишкана ачылса 28 адам жумуш менен камсыз болору кошумчаланды.
Июлда Кара-Балтада Кыргызстандагы эң ири текстиль фабрикасы ачылмай болду