Радио

Худайбердиева: балдар үчүн реабилитациялык борборлорду көбөйтүү керек

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин майыптыгы бар жана улгайган жарандарга чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башкы адиси Адилет Худайбердиева аутист балдарга мамлекеттик борбор түзүүгө аракет жасалып жатканын айтты.
Sputnik
Борбордогу "Келечек" реабилитациялык борбору 105 балага ылайыкталган. Стационардагы балдарды ата-энесинин бири коштоп жүрөт. Бул тууралуу Адилет Худайбердиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балдары ден соолугу жагынан жабыркап же кандайдыр мүчүлүштүк менен төрөлсө, бул адатта энелердин эле мойнуна жүктөлгөн түйшүк болот.
"2019-жылдан баштап бизде жеке ассистент кызматы киргизилген. Учурда энелер өздөрү жеке ассистент. Аларга төлөнүүчү акча да өкмөт тарабынан бир аз жогорулады. Абдан патологиясы бар, оор абалдагы балдар келет. Былтыр аутист балдарды да "Келечек" борборуна реабилитацияга жайгаштыруу жагын караштырганбыз. Бирок алар өзгөчө кароону талап кылат экен. Азыр "Келечек" борборуна таяныч кыймылы боюнча, шал оорусу, Даун синдрому, неврологиялык патологиясы бар балдар кабыл алынууда. Бардык кызматтар акысыз жана жалпы республиканын ар тарабынан келгендер кабыл алынат. Аутист балдарга өзүнчө борбор ачуу тууралуу Жогорку Кеңешке да кат жолдогонбуз. Ушундай борборлорду көбөйтүүгө аракет кылып жатабыз. Бирок буга имараттар керек. Бул жаатта президенттин иш башкармалыгына кат жолдогонбуз, алар имарат болуп калса бизге билдирише турган болушкан. Учурда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга заманбап борборлорду түзүүгө аракеттер көрүлүп жатат", — деди Худайбердиева.
Ал мамлекеттик реабилитациялык борборлорго балдарды кабыл алуу медициналык кызматкерлердин корутундусуна жараша болорун кошумчалады.