Айсулуу Тыныбекова дагы бир кыялы орундалганын билдирди. Видео

Спортчу өзүнүн социалдык баракчасына Көл-Сууга барган видеосун жарыялап, таасирлери менен бөлүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Айсулуу Тыныбекова Нарындын Ат-Башысындагы Көл-Сууга барганын көрсөтүп, дагы бир кыялын ишке ашырганын айтты.
Спортчу өзүнүн социалдык баракчасына Көл-Сууга барган видеосун жарыялап, таасирлери менен бөлүшкөн.
"Көл-Сууга баруу кыялым болчу, бул жылы ал орундалды. Бул сыйкырдуу жер өзүнүн кооздугу менен таң калтырды. Биздин өлкө кооз жерлерге бай, ошондуктан жыл сайын Кыргызстаныбыздын жаңы, көрө элек жерлерин өзүм үчүн ачууну максат кылып койдум", — деп жазган Тыныбекова.
Көл-Суу — Какшаал тоо кыркаларындагы Сары-Белес тоосундагы көл. Аянты 4,5 чарчы чакырым, тереңдиги 20 метрге чейин. Ал өзүнүн көркөмдүгү менен ички жана сырттан келген туристтердин кызыгуусун арттырып келет.
Тоңгон Көл-Сууда комуз чертилип, ырлар жаңырды. Өзгөчө фестивалдын сүрөттөрү