Россия ТИМи Армениянын ЖККУ жыйынына катышпоо чечими боюнча үн катты

Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны Алматы шаарында эртең өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Москва ЖККУ аянтчасында регионалдык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин Ереван акыры түшүнөт деген ишеничте. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин Армениянын ТИМ башчыларынын жыйынына катышпоо чечимин комментарийлеп жатып айтканын РИА Новости жазды. https://ria.ru/20240620/armeniya-1954138541.html
Эскерте кетсек, иш-чара Алматы шаарында 21-июнда өтөт.
"Армениялык өнөктөштөрүбүз регионалдык коопсуздукту камсыздоонун эң эле майнаптуу жолу аймактык мамлекеттер ортосундагы кызматташуу экенин, ЖККУ аянтчасы бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берерин түшүнөт деп эсептейбиз", — деген Галузин.
Буга чейин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкө ЖККУ курамынан убактысы келгенде чыгарын билдирген. 2024-жылдын февралында Ереван ЖККУдагы ишмердүүлүгүн токтото турарын айтса, мартта уюм Армениянын өлкө аймагынын суверендүүлүгү боюнча маселелерине жооп кайтарбаса андан чыгарын жар салган. Анткен менен Армения ЖККУнун иш-чараларына андан мурун эле катышпай калган. Алсак, 31-майда Алматы шаарында өткөн коргоо министрлеринин жыйынында Армениядан өкүл болгон жок.
Белгилей кетсек, ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мүчө.
Путин: Евразиядагы коопсуздук системасы ШКУ, ЕАЭБ, КМШдагы диалогду талап кылат