Акыйкатчы КМШ өлкөлөрүндөгү миграциялык мыйзамдарды жеңилдетүүгө чакырды

27-июнда шериктештиктин акыйкатчылары миграциялык мыйзамдарды өзгөртүү ыктымалдыгын талкуулашат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Акыйкатчы Жамила Жаманбаева КМШ өлкөлөрүнөн келген кесиптештеринин көңүлүн мигранттардын укуктарын коргоо маселесине бурду. Бул тууралуу Акыйкатчынын маалымат кызматы билдирди.
Жаманбаева КМШнын адам укуктары боюнча комиссиясынын видеоконференция аркылуу өткөн жыйынында сүйлөдү. Катышуучулар шериктештикке кирген өлкөлөрдүн миграциялык мыйзамдарын талдап чыгышты. Аналитикалык материалдарды топтоонун жана жалпылоонун жыйынтыгы боюнча Акыйкатчы институту Омбудсмен институттары үчүн сунуштарды даярдаган.

"Эмгек мигранттарынын укуктары бузулган учурлар көп кездешет. Мында оор эмгек шарттары гана эмес, алар көбүнчө дискриминацияга дуушар болушат. Катаал иммиграция мыйзамдарына байланыштуу көптөгөн адамдарга өлкөгө кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн. Мына ушундан улам КМШ өлкөлөрүнүн мыйзамдарын изилдөөнү сунуштоого түрткү болду", — деди Жаманбаева.

Бардык сунуштар карала турган комиссиянын жыйыны 27-июнда Санкт-Петербургда өтөт.
Министрлик: жарандардын 4 категориясы үйүндө соцкызматтарды алууга укуктуу