21-июнга карата аба ырайы

21-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Жума күнү республиканын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Талас аймагында 29…34, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 31…36, Ысык-Көлдө 22…27, Нарын өрөөнүндө 24…29 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек менен Ош шаарларында 33…35 градуска чейин көтөрүлсө, Чолпон-Атада 23…25 градусту көрсөтөт.
Министрлик ID-картаны алмаштыруу боюнча улуттук кампания баштады