Актердун чет элдик долбоорлордо тартылуусунун сыры

Sputnik
“Стоп кадр” уктуруусунун бул чыгарылышынын коногу Түрк сериалдарынан көрүп жүргөн кыргызстандык актриса Изабелла Музурбаева болду. Ал буга чейин Россиянын Эл аралык театр мектебинен тажрыйба топтогонго жетишкенин да белгиледи. Анын айтымында, актриса Бишкекте Орус драм театрында иштеп жүргөн кезде долбоорлордо көбүнчө ага чет элдик персонаждардын ролу берилчү. Анткени анын келбети өзгөчө эле. Ошентип актриса өз жеринде чет элдиктердин ролун ойногончо, чет өлкөдөн өзүн сынап көрүүнү чечкен. Башында массовкадан башталган карьералык жолу Түркияда 2024-жылдын кыш-жаз сезонунда алдыңкы рейтингдерден түшпөгөн “Керемет жашоом” (Şahane Hayatım) сериалында Рохо аттуу каарманды жандандырды. II Бишкек Эл аралык кинофестивалына атайын конок болуп чакырылган Музурбаева жакынкы күндөрү да Түркияда жаңы тасма, сериалдарга тартыла турганын айтты.
Ал 10дон ашык чет элдик долбоорлордо иштегенин жана бул сан ал үчүн чек эмес экенин кошумчалады