Дале болсо кыймылсыз мүлктөрдүн 80 пайыздан ашыгы камсыздандырыла элек

Sputnik
2016-жылдан тарта республикада кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу милдеттүү болуп саналат. Бул мыйзамды аткарбаган жарандарга айып пул деле каралган эмес, атуулдук жоопкерчиликке жүктөлгөн. Айыл жерлеринде үй мүлкүн камсыздандыруунун бир жылдык наркы 60 0сом болсо, шаарда 120 сомду түзөт. Камсыздандыруу турак-жай табигый кырсыктарга кабылган учурда мамлекет тарабынан төлөп берүүчү акча каражатына кепилдик берет. Бирок, ошого карабай республика боюнча турак-жайлардын 80 пайыздан ашыгы али камсыздандырыла элек, дейт Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Закир Айдаралиев.Кененирээк “Ачык кеп” программасынан угуңуз.