Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу ID картаны акысыз алмаштыруу боюнча акция жарыялады. "Буга чейин “чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын паспорттору сатылат экен” деген имиш кептер айтылып келген. Тилекке каршы, мындай кептердин чындык экени аныкталган учурлар да болгон. Эми мындан ары Кыргызстандын жасалма паспорту, жасалма ID карта деген түшүнүк болбойт. Себеби паспорттор өзүбүздөн чыга баштады"- деп жазды өлкө башчы.Ушуга байланыштуу ID карттарды бекер алмаштыруу боюнча акция жүргүзүлөт."Акция 1-июлдан баштап 31-августка чейин жүрөт. Андан кийин адаттагыдай эле өздүк баасына, тагыраагы 600 сомдон алмашылат", - деген ал жарандарды ID карталарын бекер алмаштырып алууга чакырды.
Чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандык медиктер өлкөгө кайта башташты. Ага саламаттык сактоо тармагындагы шарттын жакшырышы, айлык акынын жогорулашы, жасалып жаткан реформалар түрткү болуп жатканын Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, кайтып келген дарыгерлер жумуш орундары менен камсыз болуп, шарттары каралууда. Бейшеналиев Кыргызстандан кеткен медициналык билими бар адистер Казакстан, Россия, Түркияда иштешерин белгиледи. Ошондой эле министр саламаттык сактоого керек болгон бардык заманбап технологиялар алып келинип, илимий изилдөө багыты да күчөтүлөрүн кошумчалады.
Өзгөндө 312 миллион сомго мектеп курулат. Тиешелүү маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды. Ага ылайык, мектепти Өзгөн шаарынын Исхак Разаков көчөсүнө куруу пландалууда. Билим берүү мекемеси 500 орунга ылайыкталган. Тендерди Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган. Сунуштарды 9-июлга чейин берүүгө болот.
Өрт кырсыгын алдын алуу үчүн балдарды кароосуз калтырбоо маанилүү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ата-энелерди жоопкерчиликтүү мамиле кылуу менен төмөнкү эрежелерди так сактоону эскертет: - ширеңке, көгүлтүр от тутанткычын балдар жетпеген жерге сактаңыз; - электр буюмдары менен ойноого, өз алдынча күйгүзгөнгө, от жагууга жол бербеңиз; - өрт чыккан учурда дароо коопсуз жерге чыгуу керектигин түшүндүрүңүз; - балаңыздын кандай буюмдар менен ойноп жатканына көңүл буруңуз. Кооптуу жерлерге баруусуна жол бербеңиз. - "112" – бирдиктүү мамлекеттик нөөмөтчү-диспетчердик кызматына, "101" – өрт өчүрүү кызматына кайрылуу керектигин үйрөтүңүз, - дейт куткаруучулар.Министрликтин маалыматына ылайык, ушул жылдын январь айынан апрель айына чейин балдардын этиятсыздыгынан улам республика боюнча 38 өрт кырсыгы катталган.