Садыр Жапаров Улуттук инвестициялык фонд түздү. Чоо-жайы

Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондун түзүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, фонд мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдорду башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, алардын наркынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу жана капиталдын жергиликтүү жана эл аралык рыногуна чыгуу жолу менен инвестицияларды тартуу максатында түзүлүүдө.
Буга байланыштуу министрлер кабинетине "Улуттук инвестициялык фонду" ААКсын түзүп, анын укуктук статусун, максатын жана милдеттерин, ишинин өзгөчөлүктөрүн жана тартибин аныктаган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу тапшырылган. Мындан тышкары, мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдорду тиешелүү баа берүүнүн жана талдоонун негизинде аталган фондго өткөрүп берүүгө тизмесин даярдоо зарылдыгы белгиленген.
Фонддун негизги милдеттери төмөнкүдөй:
фонддун жана фонддун портфелдик компанияларынын финансылык-чарбалык ишинин эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу;
фонддун жана фонддун портфелдик компанияларынын наркынын туруктуу өсүшүн жогорулатуу жана камсыз кылуу, ошондой эле аларды эл аралык жана жергиликтүү капитал рынокторуна чыгаруу жолу менен инвестицияларды тартуу;
фондго корпоративдик башкаруунун мыкты практикасын киргизүү;
мамлекеттик программаларды жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу экономиканын айрым тармактарын өнүктүрүү.
фонддун иши төмөнкүдөй принциптер менен жүрөт:
фонддун башкаруу органдарына жана фонддун портфелдик компанияларына кадрларды тандоонун жана көрсөтүүнүн натыйжалуу системасын камсыз кылуу;
фонддун жана фонддун портфелдик компанияларынын директорлор кеңештеринде көз карандысыз директорлордун болушу;
фондго жана фонддун портфелдик компанияларына конкреттүү финансылык же тармактык максаттуу көрсөткүчтөргө (коммерциялык жана коммерциялык эмес көрсөткүчтөргө) багытталган менеджерлерди сыйлоо жана жоопкерчилик системасын киргизүү;
отчеттуулук, үзгүлтүксүз аудит, фонддун жана фонддун портфелдик компанияларынын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө маалыматтарды ачып берүү.
Жер берилбейт. ЖК чет элдиктерге Ысык-Көлдө мүлккө ээлик кылууга уруксат берди