"Рух ордо" туристтик борборуна кирүү акысы арзандады

Туристтик борборду буга чейин жеке жактар иштетип келген, кийин мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. "Рух ордо" туристтик борборуна кирүү акысы арзандады. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, буга чейин киши башына 500 сомдон алынып келген.

"Рух ордого" кирүү акысы 2020-жылга чейин 400 сом болсо, андан кийин 500 сомго чыгарышкан. Бул сумма бүгүнкү күнгө чейин кармалып турду. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жарандардын руханий азыктануусуна шарт түзүү максатында бул туристтик борборго кирүү акысы 350 сомго төмөндөтүлдү. "Акысыз эле кылып койсо болбойт беле" деген да суроолор туулушу мүмкүн. Бирок борбордогу объектилерди көрктөндүрүп, жакшыртып турууга каражат талап кылынарын унутпашыбыз керек", — деди Алагөзов.

"Рух ордо" туристтик борборун буга чейин жеке жактар иштетип келген, кийин мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн.
Көлгө "Рух-Ордодон" куюлган суунун өңү көптөрдү чочутту. Бийликтин жообу