Путиндин КЭДРге жасаган мамлекеттик сапары

Россия менен Түндүк Корея стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол койду. Видео

Ушаков түндүк кореялык лидерге Россиянын Aurus автоунаасы белекке берилгенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Россия менен Корея Элдик Демократиялык Республикасынын лидерлери Владимир Путин жана Ким Чен Ын Пхеньянда жалпы стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол койду. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Россия президенти даярдалган келишимди түптүү документ деп атап, анын негизинде эки мамлекеттин келечектеги кызматташуусу турарын белгиледи.
Жаңы документ 1961-жылдагы Достук жана өз ара жардамдашуу, 2000-жылдагы Достук, жакын коңшулук жана кызматташтык, 2000, 2001-жылдардагы Москва-Пхеньян декларациясынын ордуна кызмат кылмакчы.
Путиндин эл аралык иштер боюнча жардамчысы Юрий Ушаков жаңы документ геосаясий кырдаал, соңку жылдардагы эки тараптуу мамилелердин жаңы сапатка өтүшү менен шартталганын айтты. Келишим Түндүк-Чыгыш Азиядагы туруктуулукту кармап турууну камсыздоого багытталган. Мындан сырткары, Путин менен Ким Чен Ынга белектер берилген. Ушаков түндүк кореялык лидерге Россиянын Aurus автоунаасы белекке берилгенин айтты. Ал эми Путин өзүнүн элеси түшүрүлгөн бир нече көркөм чыгармачылыктын буюмдарын алганын кошумчалады. Мамлекет башчынын жардамчысы белекке тартууланган темир тулпар эсеп боюнча экинчи экендигин билдирди.
Эки лидер делегация мүчөлөрү менен 1,5 саатка чукул, ал эми экөө маңдай-тескей эки саатка жакын сүйлөшкөн. Жолугушуу "Кымсусан" мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.
Путин бул күндөрү Ким Чен Ындын чакыруусу менен Түндүк Кореяда мамлекеттик сапар менен жүрөт.
Путиндин КЭДРге жасаган мамлекеттик сапары
Пхеньянда Путиндин расмий жолугушуусу башталып, РФ лидери отурумду ачты. Видео