Путиндин КЭДРге жасаган мамлекеттик сапары

Пхеньянды көрүү жагымдуу. Путин Түндүк Корея боюнча таасирлерин айткан видео

Россия лидери Түндүк Кореянын борбор шаары 23 жылдан бери бир топ өзгөргөнүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Корея Элдик Демократиялык Республикасына болгон сапарында кеңейтилген отурумда сүйлөп жатып, борбор шаар Пхеньянды көрүү ага жагымдуу экенин айткан. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Ал 2000-жылдагы сапарынан бери аталган калаада бир топ өзгөрүүлөр болгонун белгиледи.
"Пхеньяндын көрүнүшү таасир калтырды. Эң сонун. Карасаң, жагымдуу", — деген Путин.
Ал корей элинин эмгекчилдиги, Ким Чен Ындын жетекчилиги алдында баш калаа жакшынакай болуп калганын белгилеген.
Андан сырткары, делегация курамындагылар да эки жакка көз салып, телефондоруна тартып алып жаткандарын көрүүгө болот.
Россия лидеринин Түндүк Кореяга расмий сапары бүгүн, 19-июнда, башталды.
Путиндин КЭДРге жасаган мамлекеттик сапары
Пхеньянда Путиндин расмий жолугушуусу башталып, РФ лидери отурумду ачты. Видео