Путиндин КЭДРге жасаган мамлекеттик сапары

Путин: санкция сала бергендерге каршы күрөштү улантабыз. Видео

РФ лидери эки мамлекет жасалган тышкы басымдарга карабай ийгиликтүү өнүгүп жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Саясий өңүттөн улам салынган санкциялар эл аралык кырдаалды чайпалткандыктан Россия менен КЭДР ага каршы турат. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен болгон сүйлөшүүсүн жыйынтыктап жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Саясий өңүттөн улам санкция салып, чектөө кое берген ыкмаларга биз каршы чыгабыз. Мыйзамсыз мындай аракеттер дүйнөлүк экономика менен саясий системаны чайпалтат", — деп белгилеген Россия лидери.
Путин эки мамлекет жасалган тышкы басымдарга карабай ийгиликтүү өнүгүп жатканын айткан. Ал чыныгы достор жана ниети ак кошуна катарында бири-бирине дүйнөлүк колдоо көрсөтөрүн баса белгилеген.
Ал Россия менен Түндүк Корея Батыштын адат болуп калган санкциялык чектөөлөрүнө каршы күрөшөрүн билдирген.
"Батыш саясатта, экономикада жана башка тармактарда өзүнүн үстөмдүгүн сактоо үчүн санкция менен муунткан ыкмаларга каршы күрөшүүнү улантабыз", — деген Путин.
РФ лидери бул күндөрү Ким Чен Ындын чакыруусу менен Түндүк Кореяда мамлекеттик сапар менен жүрөт.
Путиндин КЭДРге жасаган мамлекеттик сапары
Россия менен Түндүк Корея стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол койду. Видео