Путиндин КЭДРге жасаган мамлекеттик сапары

Путин Түндүк Кореяга мамлекеттик сапар менен барды

Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин эки күндүк мамлекеттик сапар менен Корея Элдик Демократиялык Республикасына барды. Аны аэропорттон Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын тосуп алды.
РИА Новости билдиргендей, Путиндин Түндүк Кореяга сапарынын алкагында 19-июнда ар кандай форматта, анын ичинде кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөр, ошондой эле лидерлердин бейформал баарлашуусу пландалууда.
Визиттин программасында Путиндин иш сапарынын урматына гала-концерт, мамлекеттик кабыл алуу жана Экинчи дүйнөлүк согушта Кореяны бошоткон Кызыл Армиянын жоокерлерине арналган боштондук монументине гүлчамбар коюу да камтылган.
Путиндин КЭДРге жасаган мамлекеттик сапары
Путин бул жумада Түндүк Корея менен Вьетнамга барат. Сапардын программасы