Путин: Россия Вьетнамды пикирлеш мамлекет катары көрөт

Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Ханойго боло турган сапардын алдында Вьетнам компартиясынын борбордук комитетинин “Нянзан” басмасы үчүн макала жазды.
РФ лидеринин макаласынын урунттуу жерлери:
Россия Вьетнам элинин чет элдик интервенттерге (баскынчы) каршы күрөшүндө зор жардам көрсөттү. Ал эми Вьетнам жери оккупанттардан толук бошотулган соң советтик куруучулар, инженерлер, дарыгерлер, мугалимдер, окумуштуулар өлкөнү калыбына келтирүүгө көмөктөшкөн. Мындай убакыт менен текшерилген бекем мамиле мындан аркы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жакшы негиз боло алат;
Россия эки өлкөнүн эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерге болгон окшош мамилесин жогору баалайт. Россия тең жана бирдиктүү евразиялык коопсуздукту түзүүдө Вьетнамды өзүнүн пикирлеши катары көрөт;
Россия Украина кризиси боюнча Вьетнамдын тең салмактуу позициясы үчүн ыраазы;
биринчи кварталда Россия менен Вьетнамдын ортосунда улуттук валюталардагы эсептешүүлөрдүн үлүшү дээрлик 60 пайызды түздү;
“Росатомдун” жардамы менен Вьетнамда өзөктүк илим жана технология борборун куруу демилгеси иштелип жатат. Россиялык мамлекеттик корпорация вьетнамдык өнөктөштөргө улуттук өзөктүк-энергетикалык курулуштар жаатында жардам берүүгө даяр;
“РусГидро” компаниясы Вьетнам дарыяларындагы гидротехникалык курулуштарды реконструкциялоого жана кубаттуулугун жогорулатууга катышууга кызыкдар;
Москва вьетнамдык инвесторлор Россия рыногунун кенен мүмкүнчүлуктөрүн активдүү колдонот деген ишенимде;
Россия Вьетнам менен студенттерди алмашууга, биргелешкен академиялык долбоорлорду жана программаларды ишке киргизүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы туризмди активдештирүүгө көмөктөшөт.
Путиндин КЭДРге жасаган мамлекеттик сапары
Россия менен Түндүк Корея стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол койду. Видео