БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Владимир Путиндин Корея Элдик Демократиялык Республикасына болгон мамлекеттик сапары аяктады. Бул тууралуу Кремлдин Telegram каналында кабарланды.
Россия президентин аэропорттон Ким Чен Ын өзү узатты. Эки өлкө лидерлери баш-аягы 11 сааттан ашык сүйлөшкөн.