Путиндин КЭДРге жасаган мамлекеттик сапары

Пхеньянда Путиндин расмий жолугушуусу башталып, РФ лидери отурумду ачты. Видео

Президент эки өлкөнүн алакасы бири-бирин урматтоо жана теңдик мамиледе экендигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Пхеньянда Ким Ир Сен аянтында Россия президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын расмий жолугушуусу болду.
Ардак кароол тизилип, эки мамлекеттин гимндери ойнолду. Лидерлер өздөрү тараптын делегация курамын бири-бирине тааныштырды.
Андан соң тараптардын кеңейтилген тармактагы жолугушуусу башталды.
Путин отурумду ачып жатып, Россиянын Түндүк Кореянын россиялык саясатты (анын ичинде Украина багытында) колдогонун баалай турганын айтты.
"Россиянын саясатын, анын ичинде Украина багытында ырааттуу жана өзгөрүүсүз колдоп келе жатканыңарды баалайбыз", — деди ал.
Андан сырткары, эки өлкөнүн алакасы бири-бирин урматтоо жана теңдик мамиледе экендигине токтолгон.
"Биздин өлкөлөр арасындагы өз ара мамиле тең укуктуулук, бири-бирибиздин кызыкчылыктарыбызды өз ара урматтоонун негизинде түзүлгөн", — деген Путин.
РФ лидеринин Пхеньянга башталган эки күндүк сапарында бир топ иш-чаралар пландалган, анын негизги бөлүгү бүгүнкүгө, 19-июнга, туура келет. Мунун ичинде тар жана кеңейтилген форматтагы жолугушуулар бар. Аны менен кошо эле лидерлердин бейформал сүйлөшүүсү каралган.
Путиндин КЭДРге жасаган мамлекеттик сапары
Кучакташа көрүшүп... Ким Чен Ын Путинди траптан тосуп алган видео