Өзгөн шаарында 500 орундуу мектеп курулат. Баасы

Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Өзгөндө 312,4 миллион сомго мектеп курулат. Тиешелүү тапшырык Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды.
Ага ылайык, мектепти Өзгөн шаарынын Исхак Разаков көчөсүнө куруу пландалууда. Билим берүү мекемеси 500 орунга ылайыкталган.
Тендерди Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган. Сунуштарды 9-июлга чейин берүүгө болот.
Мектептерди абалына жараша бөлүп, курулушун иретке келтирүү сунушталууда