Радио

Айдаралиев: республикада үйлөрдүн 11%га жакыны гана камсыздалган

Мамлекеттик камсыздандыруу мекемесинин башкармалыгынын төрагасынын орун басары Закир Айдаралиев турак жайды камсыздандыруу эрежелерине токтолду.
Sputnik
Өлкөдө 1 200 000-1 300 000дин тегерегиндеги турак жай каттоодон өткөн болсо, анын 141 миңи гана камсыздалган. Бул жалпы көрсөткүчтүн 11 пайызын түзөрүн Закир Айдаралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, турак жайды камсыздандырууга сарай, мончо, кошумча курулуштар кирбейт.
"Өлкөдө 2015-жылы турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча мыйзам кабыл алынып, ал 2016-жылдан тарта иштеп баштаган. Ошондон бери жалпы республика боюнча 10 пайыздан ашыгыраак гана үйлөр камсыздандырылды. Турак жайды камсыздандырууда айыл жеринин тургундары жылына 600 сом, шаардыктар 1 200 сом төлөшөт. Жыл сайын мөөнөтү бүткөндө узартып коюшат. Эгер табигый кырсык болуп кетсе биз элет жерине 500 миң, калаадагы үйлөргө 1 миллион сом төлөп беребиз. Камсыздандыруу табигый кырсыктар болгон учурда гана төлөнүп берилет. Ошону менен катар эле жашаган үй гана камсыздандырылат. Сарай, мончо сыяктуу курулуштар камсыздандырууга жатпайт. Турак жайлар милдеттүү түрдө камсыздандырылышы керек деп айтылганы менен аны аткарбай койгон учурда эч кандай айып салынбайт. Камсыздандыруудан өтүш үчүн биздин кеңсеге келиш керек. Мөөнөтүн узартууда да ушул эле процедура кайталанат. Жети облустун бардык аймактарында биздин кызматкерлер иштейт. Жакында санарип тиркеме иштеп чыгып, турак жайды камсыздандырууну аралыктан жасоого мүмкүнчүлүк түзөбүз", — деди Айдаралиев.
Ал турак жай кырсыкка учураган кезде камсыздандыруу компаниясы 30 күн ичинде акчасын төлөп берерин кошумчалады.