Ден соолукту акысыз текшертип алыңыз. Нарында көчмө клиника иштей баштады

Медиктер элди дүйшөмбүдөн ишембиге чейин күнүгө саат 17:30га чейин кабыл алат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Нарында калкка акысыз медициналык жардам көрсөткөн мобилдик көчмө клиника иштей баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Анын айтымында, көчмө клиника Нарын районунун Өрнөк айылында жайгашты. Маалым болгондой, мобилдик клиника Теңир-Тоодо августтун аягына чейин болот. Анда диагностикалык изилдөөлөр жүргүзүлүп, терапевт, кардиолог, невропатолог, гинеколог, уролог, офтольмолог, ЛОР, стоматолог жана гастроэнтерологдор элди акысыз көрүп, кеп-кеңештерин бермекчи.
1 / 3

Нарында калкка акысыз медициналык жардам көрсөткөн мобилдик көчмө клиника иштей баштады

2 / 3

Маалым болгондой, мобилдик клиника Теңир-Тоодо августтун аягына чейин болот

3 / 3

Анда диагностикалык изилдөөлөр жүргүзүлүп, терапевт, кардиолог, невропатолог, гинеколог, уролог, офтольмолог, ЛОР, стоматолог жана гастроэнтерологдор элди акысыз көрүп, кеп-кеңештерин бермекчи

Клиника компьютердик томография, рентген, маммография, УЗИ, лаборатория, гастроскопия жана лабораториялык изилдөөлөр үчүн медициналык жабдуулар менен толук камсыздалган. Ошондой эле клиниканын мобилдүү автоунаалары менен алыскы аймактардагыларды ташып келип дарыгерлерге көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.
Клиника дүйшөмбүдөн ишембиге чейин күнүгө саат 8:30дан кечки 17:30га чейин иштейт. Жекшембиде эс алышат. Көрүнүүгө барган бейтаптар атайын түзүлгөн графикке ылайык, тизме менен келүүсү зарыл. Ошондой эле бул көчмө клиникадагы медиктер кош бойлуу, эмизген келиндерди, 14 жашка чейинки балдарды кабыл албай турганы айтылды.
Медиктерге кол көтөргөндөрдү 8 жылга чейин кесүү каралууда. Мыйзам долбоору