Кронштадт: деңиз аскерлеринин салону ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Аскердик Деңиз Флотунун башчысы, адмирал Александр Моисеев эл аралык аскердик "Флот-2024" салонун ачты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Бул жерде көрүш үчүн заманбап кемелер, катерлер, согуштук системалар коюлган... Деңиз аскерлеринин салону — Санкт-Петербургдун, Россиянын сыймыгы. Баарыңарга мекенибиздин бакубаттуулуугу үчүн ийгиликтүү эмгектенишиңерди каалайм. Урматтуу коноктор, катышуучулар, аскердик "Флот-2024" салонун ачык деп жарыялайм, ак жол!" — деген Моисеев.
Көргөзмө Кронштадт порт шаарынын "Остров фортов" кластеринин аймагында 23-июлга чейин өтмөкчү. "Флот-2024" иш-чарасына 225 өнөр жай ишканалары катышат.
Sputnik эл аралык маалымат агенттиги "Флот-2024" көргөзмөсүнүн медиаөнөктөшү болду