Путиндин КЭДРге жасаган мамлекеттик сапары

Ким Чен Ын Россиянын атайын операциясын колдой турганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын РФ президенти Владимир Путин менен сүйлөшүп жатканда Россиянын дүйнөдөгү стратегиялык теңдештикти сактоодогу ролун белгилеп, жүргүзүп жаткан атайын операциясын колдой турганын айтты. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
"Корея Элдик Демократиялык Республикасынын өкмөтү күчтүү Россиянын дүйнөдөгү стратегиялык теңдештик менен туруктуулукту сактоодогу ролу менен маанилүү миссиясын баалайт. Аны менен катар эле Россия өкмөтү, армиясы жана эли менен тилектештигин билдирип, көз карандысыздыкты, коопсуздук кызыкчылыктарын, аймактык бүтүндүктү сактоо үчүн жасалып жаткан Украинадагы атайын операцияны аткаруусуна тилектеш", — деген Ким Чен Ын.
Белгилей кетсек, РФ лидери Владимир Путин Корея Элдик Демократиялык Республикасына эки күндүк мамлекеттик сапар менен барган. Визиттин алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар иш-чаралар пландалган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Медведев: украин бийлиги Москванын сунуштарын бекер эле четке какты