Путиндин КЭДРге жасаган мамлекеттик сапары

Кучакташа көрүшүп... Ким Чен Ын Путинди траптан тосуп алган видео

Путиндин Пхеньянга сапарында бир топ иш-чаралар пландалган, анын негизги бөлүгү бүгүнкүгө туура келет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путинди Корея Элдик Демократиялык Республикасынын лидери Ким Чен Ын траптан кучак жая тосуп алды.
РИА Новостинин кабарчысы мурдараак Путин эки күндүк мамлекеттик сапар менен Пхеньянга түшкөнүн билдирген.
Ким Чен Ын алгач кызыл килемде обочороок жерде күтүп туруп, Россия лидери учактан түшкөндөн кийин экөө кучакташа көрүшкөн.
Путиндин Пхеньянга сапарында бир топ иш-чаралар пландалган, анын негизги бөлүгү бүгүнкүгө, 19-июнга, туура келет. Мунун ичинде тар жана кеңейтилген форматтагы жолугушуулар бар. Аны менен кошо эле лидерлердин бейформал сүйлөшүүсү каралган.
Путиндин сапарынын урматына салтанаттуу концерт жана сый тамак берилмекчи. Мындан сырткары, Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарындагы Кореяны бошоткон Кызыл Армиянын жоокерлеринин элесине арналган "Бошотуу" монументине таазим кылып, гүлчамбар коюшат.
Россия лидерин бул сапарда бараандуу делегация коштоп жүрөт. Сүйлөшүүлөргө РФтин ТИМ жетекчиси Сергей Лавров, коргоо министри Андрей Белоусов, биринчи вице-премьер Денис Мантуров, вице-премьер Александр Новак, жаратылышты коргоо министри Александр Козлов, саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко, транспорт министри Роман Старовойт, Роскосмостун башчысы Юрий Борисов, "Россия темир жолдорунун" жетекчиси Олег Белозеров катышмакчы. Булардан сырткары, россиялык ири компаниялардын өкүлдөрү да барган.
Путин соңку ирет аталган өлкөдө 2000-жылы болгон, анда Түндүк Кореяны азыркы лидеринин атасы Ким Чен Ир жетектеп турган.
Путиндин КЭДРге жасаган мамлекеттик сапары
"Түйшөлдүрөт". АКШ Путиндин Түндүк Кореяга жасаган сапары боюнча үн катты