Радио

Өлкөдө гепатит жана ВИЧ ооруларын аныктоо үчүн изилдөө башталды

Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке каршы күрөшүү жана ВИЧ-инфекциясын көзөмөлдөө борборунун директору Үмүткан Чокморова былтыркы жылдын март айынан бери 28 миңге жакын адамдан вирустук гепатит аныкталганын айтты.
Sputnik
Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө гепатиттин В, С түрлөрүнө жана ВИЧ-инфекциясына чалдыккандардын болжолдуу санын аныктоо үчүн улуттук изилдөө баштады. Үмүткан Чокморова иликтөө кандай жүрүп, жыйынтыгында бийлик кандай чараларды көрөрү тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек курду.
Анын айтымында, Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп пилоттук долбоор баштап, учурда гепатит оорусуна каршы эмдөө жүрүп жатат.
"Өлкөдө гепатиттин В, С түрлөрүнүн жана ВИЧ-инфекциянын айланасындагы абалды билүү үчүн масштабдуу серологиялык изилдөө жүргүзүү чечимин кабыл алдык. Анын негизги максаты өзүлөрүнүн кан аркылуу жугуучу вирустук оору менен ооруп жүргөнүн билбегендерди аныктоо, алардын жыйынтыгы менен алдын алууну иштеп чыгуу жана мониторинг жүргүзүп дарылоо болуп саналат. Изилдөө жүргүзүү үчүн биздин интервьюерлер менен Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери биргеликте иш алып барышат. Алар Кыргызстан боюнча тандалган 6 090 үйдү кыдырып, сурамжылоо жүргүзүп, кан анализин алышат. Мында 5 жаштан 18 жашка чейинкилер гепатит оорусуна кан тапшырышат. Эшикти ачпай койгондор менен байланышууга эки ирет аракет жасалат", — деди Чокморова.
Ал вирустук гепатит эң көп Жалал-Абад, Чүй облусунда жана Бишкекте катталса, ВИЧ-инфекциясы ички миграция көп болгон Бишкек, Чүйдө аныкталып жатканын кошумчалады.