Чоң-Алайда жол кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алып кетти

Көз жумгандар жеңил унаада бараткан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кечээ, 18-июнь күнү, Чоң-Алайда болгон жол кырсыгы үч адамдын өмүрүн алды. Анда Daewoo Nexia менен Mercedes-Benz Sprinter кагышканын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматта жеңил унаа микроавтобус менен сүзүшкөндөн кийин экиге бөлүнүп кеткени айтылат. Каргашадан Daewoo үлгүсүндөгү унаанын 22 жаштагы айдоочусу менен эки жүргүнчүсү көз жумган. Бусту 46 жаштагы киши айдап бара жатканы белгилүү болду.
"Азыркы учурда автоунаалар айып короого киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
ЖКККББ айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырып, жол эрежелерин бузуу фактыларына күбө болгондордон сүрөт, видеолорду 0777 102-102 ишеним номерине жөнөтүп коюуну өтүнгөн.
Чүйдүн Садовое айылында жүрөк үшүн алган жол кырсыгынан бир адам каза болду