Радио

Чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандык медиктер өлкөгө кайта башташты

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандан кеткен медициналык билими бар адистер Казакстан, Россия, Түркияда иштешерин айтты.
Sputnik
Чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандык медиктер өлкөгө кайта башташты. Ага саламаттык сактоо тармагындагы шарттын жакшырышы, айлык акынын жогорулашы, жасалып жаткан реформалар түрткү болуп жатканын Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кайтып келген дарыгерлер жумуш орундары менен камсыз болуп, шарттары каралууда.
"Чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандык медиктер өлкөгө кайта башташты. Ага саламаттык сактоо тармагындагы реформалар түрткү болуп жатат. Көбү Казакстан, Россия, Түркияда жан багып жүрүшөт. Бүгүнкү күндө кайтып келген дарыгерлер жумуш орундары менен камсыз болуп, шарттар түзүлүүдө. Негизи бизге сапаттуу кадрлар керек. Кыргызстандын медициналык билими бар адистери дүйнөдө таанылып, чоң иштерди жасап келишет. Ошол себептен биздин өлкөдө билим алууга келип жатышат", — деди Бейшеналиев.
Ошондой эле министр саламаттык сактоого керек болгон бардык заманбап технологиялар алып келинип, илимий изилдөө багыты да күчөтүлөрүн кошумчалады.