Акылбек Жапаров: Борбор Азияда суу ресурстары үчүн талаш-тартыш болбойт

Бишкекте өтүп жаткан иш-чарага ар кайсы өлкөдөн 100дөн ашык компания жана уюмдар катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кээ бир сенсация издеген журналисттер божомолдогондой, Борбор Азияда суу үчүн талаш-тартыш болбойт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан MINEX Central Asia тоо-геологиялык форумунда билдирди.
Анын айтымында, жакында эле кылымдын курулушу аталган Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча документке коңшу мамлекеттер менен кол коюлушу — Борбор Азия өлкөлөрүнүн бирдиктүү максаттарга жетүү жана глобалдуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн биригип кете аларынын мисалы.
Жапаров бул долбоор аймактагы энергетикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн жаңы этабын символдоштурарын белгиледи.
"Башкача айтканда, кээ бир сенсациячыл журналисттер божомолдогондой, Борбор Азияда суу ресурстарына ээ болуу үчүн ар кандай шоуларга жол берилбейт, бардык элдердин жыргалчылыгы үчүн тынчтык кызматташуу болот. Биз өз ара пайдалуу кызматташууга даярбыз. Биз өнөктөштөр менен байлыкты адилет бөлүшүүнү каалайбыз", — деди Жапаров.
Форум "Борбордук Азиядагы тоо-кен өнөр жайын туруктуу өнүктүрүүнүн келечеги жана сценарийлери" деген теманын алдында өтүүдө. Иш-чарага Борбор Азиянын 22 өлкөсүнөн, Европадан, Кытайдан, Түндүк Америкадан жана Жакынкы Чыгыштан 100дөн ашык компания жана уюмдар катышууда.
Венада Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча Координациялык донордук комитет түзүлдү