Баткендеги талааларды зыянкеч чегиртке каптады. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Изилдөө иш-чараларынын негизинде 16100 гектар жерден зыянкеч марокко чегирткеси аныкталды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Маалыматка караганда, учурда талааларды дарылоо иштери жүрүүдө.
1 / 4

Изилдөө иш-чараларынын негизинде 16100 гектар жерден зыянкеч марокко чегирткеси аныкталды

2 / 4

Маалыматка караганда, учурда талааларды дарылоо иштери жүрүүдө

3 / 4
Вредоносная марокканская саранча была обнаружена на 16 100 гектарах земли в Баткенской области. 19 июня 2024 года
4 / 4

Зыянкечтер каптаган аянт 55 гектарды түзөт

"Бүгүнкү күнгө карата 15 150 гектар жерге дары себилди. Натыйжада эгин талаалары зыянкечтерден сакталды", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, мөмөлүү бактар менен жашылчаларды жашыл чегиртке каптаганы аныкталган. Зыянкечтер каптаган аянт 55 гектарды түзөт. Мамлекеттик бюджеттен марокко, италия прусу саранчаларына каршы иш жүргүзүүгө каражат каралат. Ал эми жашыл чегирткеге каршы дарылоо иштерин дыйкандар өздөрү жүргүзүүсү керек.
Радио
Кыргызстанда дыйкандарга чегирткенин эки түрү коркунуч жаратат