Сауд Арабияда ажыга барган 500дөн ашуун зыяратчы каза болгону айтылууда

Ысыктан улам эки миңдей киши ооруканага түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Аба ырайынын катаал шартынан улам Меккеде зыяратта жүргөн жүздөгөн киши көз жумганын AFP жазды.
Маалыматта азыр Меккеде абанын температурасы 51 градустан жогору экени, каттоодон өтпөй барган зыяратчылар үчүн суу, кондиционерлер жеткиликсиз болуп жатканы айтылат. Соңку кабардан ажыга барып көз жумгандардын саны 577 адамга жеткени белгилүү болду.
"Каза тапкандардын 323ү — египеттиктер, тебелендиде калган бир кишиден башкасынын баары — ысыктан жабыркагандар. Араб дипломаттарынын маалыматы боюнча, көз жумгандардын 60тан кем эмеси — иорданиялыктар. Мыйзамсыз келген зыяратчылардын агымы лагерлерде башаламандык жаратып, кызматтардын ишине тоскоол болгон. Көбү узак убакытка чейин тамак-ашсыз, суусуз жана кондиционерсиз калган", — деп жазды агенттик.
Өлкө бийлигинин май айында жарыялаган изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча, зыярат жүрүп жаткан жерде абанын температурасы ар он жыл сайын 0,4 градуска жогорулап турат. 17-июнда Меккедеги башкы мечитте температура 51,8 градуска жеткенин Сауд Арабиясынын Улуттук метеорологиялык борбору кабарлаган.
Бийлик жабыркаган зыяратчылар тууралуу гана маалымат берет. Акыркы жолу 16-июнда ысыктан улам эки миңдей зыяратчы ооруканага түшкөнү айтылган. Андан бери статистика жаңыртыла элек.
AFP былтыр ажылык сапар учурунда 240тан кем эмес киши көз жумганын эске салды.
Быйылкы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6 060 квота берилген.
Оштон ажылыкка жөнөп кеткен алгачкы зыяратчылар Мединага жетишти