Акылбек Жапаров өлкөдөгү кен байлыктарды санап, инвесторлорду иштешүүгө чакырды

Акылбек Жапаров өлкө аймагынын 95%ын тоолор түзүп пайдалуу кендерге бай экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бир эле кенде 60 миң тоннага жакын сейрек кездешүүчү металлдар бар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров MINEX Central Asia тоо-геологиялык форумунда билдирди.
Анын айтымында, өлкө аймагынын 95 пайызын тоолор түзүп, пайдалуу кендерге бай. Жапаров бир кендин эле аймагында 5 миллиард тоннадан ашык темир руда, ошондой эле сейрек кездешүүчү титан, азыркы учурда жогорку экономикалык суроо-талапка ээ болгон европий, цирконий, цезий, лантанид тобу жана башка элементтер бар экенин белгиледи.
"Мисалы, титаномагнетиттин болжолдонгон запасы кендин бир гана аймагында 20 миллион тоннага жакын (Кызыл-Омпол). Ал эми башка кенде сейрек кездешүүчү металлдар 60 миң тоннага жакын (Куттуу-Сай-2). Биз өнөктөштөрдү биргелешкен геологиялык чалгындоо иштерине чакырабыз жана экономиканын бул келечектүү тоо-кен тармагына инвесторлорду күтүп жатабыз", — деди ал.
Өкмөт башчы бул запастар жарым кылымдан ашык убакыт мурун аныкталганын, азыркы технология менен изилденсе көрсөткүч кыйла көбөйүшү мүмкүн экенин кошумчалады.
Форум Бишкекте "Борбордук Азиядагы тоо-кен өнөр жайын туруктуу өнүктүрүүнүн келечеги жана сценарийлери" деген теманын алдында өтүүдө. Иш-чарага Борбор Азиянын 22 өлкөсүнөн, Европадан, Кытайдан, Түндүк Америкадан жана Жакынкы Чыгыштан 100дөн ашык компания жана уюмдар катышууда.
Садыр Жапаров: Кызыл-Омполду уран кени деп айтуудан алыс болуш керек