Путиндин КЭДРге жасаган мамлекеттик сапары

"Түйшөлдүрөт". АКШ Путиндин Түндүк Кореяга жасаган сапары боюнча үн катты

Путиндин сапары Батыштын, анын ичинен АКШнын реакциясын жаратууда.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Россия менен Корея Элдик Демократиялык Республикасынын байланышынын тереңдеп бара жатышы бардыгын түйшөлдүрүшү керек. Бул туурасында Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер айтканын РИА Новости жазды.
"Россия менен Түндүк Кореянын кызматташуусунун тереңдеши Корей жарым аралында тынчтык менен туруктуулуктун орношуна, БУУнун резолюциясына ылайык глобалдуу режимдин жайылып кетпешин колдоого кызыкдар болгон бардык тарапты тынчсыздандыра турган тенденция", — деген Жан-Пьер брифингде журналисттер Владимир Путиндин Түндүк Кореяга сапарына комментарий беришин суранышкандан кийин.
Маалымат катчы бул Украинанын эркиндиги менен көз карандысыздыгын колдогондорду да түйшөлдүрүшү керектигин айткан. Ал АКШ бул туурасында мурдатан бери эле "эскертип, айтып келе жаткандыгын" кошумчалады.
Россия президенти Владимир Путин эки күндүк мамлекеттик сапар менен Корея Элдик Демократиялык Республикасына барды.
РИА Новости билдиргендей, визиттин алкагында 19-июнда ар кандай форматта, анын ичинде кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөр, ошондой эле лидерлердин бейформал баарлашуусу пландалууда.
Путиндин КЭДРге жасаган мамлекеттик сапары
Путин: Россия Түндүк Кореянын көз карандысыздыгы үчүн күрөшүн колдойт