Депутаттар аймактар мамлекеттик логопедиялык борборго муктаж экенин айтышууда.Көйгөй чечилеби?

Sputnik
Учурда балдардын тилинин кеч чыгышы социалдык көйгөйгө айланып калды. Бул ата-энелердин жеке көйгөйүнө айланып калды. Мамлекет бул жаатта кандай жардам көрсөтөт, кандай программаларды ишке ашырышы керек? ЖК депутаты Айсулуу Мамашева парламентте «азыр дээрлик ар бир экинчи үй-бүлөдө 3-4 жашында сүйлөй албай жаткан балдар бар. Ата-энелер эмне кыларын билбей жатышат. Интернетте түрдүү оорулар тууралуу маалымат көп. Энелер адистердин жоктугунан улам өз алдынча диагноз коюп, бүдөмүк абалда жүрүшөт. Аймактарда болсо бала өзү сүйлөп кетет деп күтүп жүргөндөр, дарыгер издеп Бишкекке көчүп келген энелер көп", — деп билдирген.
Негизинен бул көйгөйдү чечүү туурасында эл өкүлү менен катар Билим берүү жана илим министрлигинен, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен адистер келип, маселени талкууга алдык.