Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондун түзүү жөнүндө" жарлыкка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Фонд мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдорду башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, алардын наркынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу жана капиталдын жергиликтүү жана эл аралык рыногуна чыгуу жолу менен инвестицияларды тартуу максатында түзүлүүдө. Буга байланыштуу министрлер кабинетине "Улуттук инвестициялык фонду" ААКсын түзүп, анын укуктук статусун, максатын жана милдеттерин, ишинин өзгөчөлүктөрүн жана тартибин аныктаган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу тапшырылган. Мындан тышкары, мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдорду тиешелүү баа берүүнүн жана талдоонун негизинде аталган фондго өткөрүп берүүгө тизмесин даярдоо зарылдыгы белгиленген.
Жогорку Кеңеш Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун биргелешип илгерилетүү боюнча макулдашууну дароо үч окууда колдоду. Мыйзам долбоору боюнча транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев баяндама жасады. Анын айтымында, үч өлкө биргелешкен ишкана түзүп, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккан. Маалыматка ылайык, маршрут Торугарт — Арпа — Кош-Дөбө — Макмал — Жалал-Абад аркылуу болуп, узундугу 311 чакырымды түзөт. Ал эми жүк жүктөөчү станция Макмалда жайгаштырылары мерчемделүүдө. Ошондой эле министрдин орун басары темир жол туннелдер жана көпүрөлөр аркылуу өтөрү болжолдонуп жатканын белгиледи. "Макмалда жүктөөчү станциянын жайгашуусу биз үчүн маанилүү. Анткени Кара-Кечеден өткөн жол аркылуу түндүк менен түштүктү байланыштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт", — деди министрдин орун басары. Долбоордун болжолдуу наркы 4 миллиард 665 миллион доллар, анын ичинен Кыргызстандын үлүшү 573 миллион доллар болору презентацияда көрсөтүлгөн.
Быйыл беш айда Евразиялык экономикалык биримдиктин бирдиктүү реестрине 41 ишкана киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин бирдиктүү реестринде жалпы 395 ишкана катталган. Мындан тышкары, Кытайдын реестрине — 24 ишкана, Өзбекстандыкында — 42 ишкана жана Түркияныкында 12 ишкана кирген.
Россия менен Корея Элдик Демократиялык Республикасынын байланышынын тереңдеп бара жатышы бардыгын түйшөлдүрүшү керек. Бул туурасында Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер айтканын РИА Новости жазды. "Россия менен Түндүк Кореянын кызматташуусунун тереңдеши Корей жарым аралында тынчтык менен туруктуулуктун орношуна, БУУнун резолюциясына ылайык глобалдуу режимдин жайылып кетпешин колдоого кызыкдар болгон бардык тарапты тынчсыздандыра турган тенденция", — деген Жан-Пьер брифингде. Маалымат катчы бул Украинанын эркиндиги менен көз карандысыздыгын колдогондорду да түйшөлдүрүшү керектигин айткан. Ал АКШ бул туурасында мурдатан бери эле "эскертип, айтып келе жаткандыгын" кошумчалады. Россия президенти Владимир Путин эки күндүк мамлекеттик сапар менен Корея Элдик Демократиялык Республикасына барды. РИА Новости билдиргендей, визиттин алкагында 19-июнда ар кандай форматта, анын ичинде кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөр, ошондой эле лидерлердин бейформал баарлашуусу пландалууда.