Депутат Мамкурулуш жетекчисин майыптар үчүн коляска менен шаар кыдырууга чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Мамкурулуштун жетекчиси Нурдан Орунтаевди имараттар менен тротуарлардын ыңгайлуулугун текшерүү үчүн майыптар үчүн коляска менен Бишкекти кыдырып чыгууга чакырды.
"Эмне үчүн муну сизге сунуштап жатам, анткени орун басарларыңыз ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн бардык нерсе жасалган деп ишенимдүү айтып жатышат", — деди Дастан Бекешев.
Нурдан Орунтаев курулуш компаниялары менен Мамкурулуштун подряддык уюмдары майып жарандардын муктаждыктарын эске албай жатканын мойнуна алды. Ал бул маселе боюнча депутатты колдой турганын айтып, бирок конкреттүү сунушка жооп кайтарган жок.
Жашыл майсаң, отургучтар жаңыртылат. Бишкектеги стадион реконструкцияланууда