Россия ТИМи: Украина боюнча конференция максатына жеткен жок

Жолугушуунун ийгиликке жетпегенин катышуучулардын арасында бирдиктүү пикирдин жоктугу тастыктап турары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Москва Швейцарияда өткөн Украина боюнча саммит максатына жеткен жок деп эсептейт. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарованын билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, аталган конференцияны "дүйнөлүк масштабдагы иш-чара" катары көрсөтүүгө жасалган аракеттер кыйроого учурап, "чакырылгандардын жарымы саясий туризм менен алектенүүдөн баш тартышкан".
"Глобалдуу Түштүк өлкөлөрүн өз тарабына тартуу ниети ишке ашкан жок. Опузага, ачык коркутууларга, айрым схемаларга карабай көбү туруктуулугун көрсөттү", — деп Захарова Киев менен Батыш "башынан эле украин кризисинен чыгуунун жолун издөөгө умтулбаганын" белгиледи.
Ал Батыш мындан ары деле конфронтацияга, абалдын чыңалышына, ири согуштук аракеттерге кызыкдар экенин кошумчалаган.
Захарованын айтымында, жолугушуунун ийгиликке жетпегенин катышуучулардын арасында бирдиктүү пикирдин жоктугу тастыктап турат, "жыйынтык коммюникеге кол коюуга баары эле макул боло берген эмес". https://sputnik.kg/20240616/shvejcariyada-bir-katar-olkolor-kommyunikege-kol-kojgon-zhok-1086146361.html
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Ак үй Киев менен коопсуздук келишиминин сакталышына кепилдик берүүдөн баш тартты