Столтенберг: НАТОнун жаңы баш катчысынын аныкталарына аз калды

Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. НАТО жаңы баш катчылыкка Марк Рюттенин талапкерлигин бекитүүгө жакындап калды. Бул тууралуу альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг билдиргенин РИА Новости жазды.

"Орбандын бүгүнкү билдирүүсүнөн кийин альянс жаңы башкы катчы боюнча макулдашууга жакындап калганы белгилүү болду. Марк Рютте күчтүү талапкер, премьер-министр катары тажрыйбасы чоң. Жакында союздаштар мураскорумду аныктайт деп ишенем, бул НАТО үчүн да, мен үчүн да жакшы”, — деди ал АКШда мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен биргелешкен маалымат жыйынында.

Буга чейин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан НАТОнун баш катчылыгына Нидерландиянын премьер-министри Марк Рюттенин талапкерлигин колдоого даяр экенин жар салган. Орбан белгилегендей, бул билдирүү Рютте альянстын аймагынан тышкары Украинаны колдоо операцияларына Венгриянын катышпай турганын жана аларды каржылык жактан колдобой турганын камтыган келишимди сактоого убада кылгандан кийин жасалган.
НАТОнун башкы катчылыгана дайындалыш үчүн альянска мүчө 32 өлкөнүн бардыгынан колдоо алуу зарыл. Рютте 28 мамлекеттин колдоосуна ээ болуп, төрт өлкө: Түркия, Венгрия, Словакия жана Румыния күмөн санап турган. Акыркы айларда Голландиянын премьер-министри Түркиядан, ал эми акыркы суткада Венгрия менен Словакиядан макулдук алды.
2014-жылдан бери НАТОнун баш катчысы кызматын аркалап келген Йенс Столтенберг 2022-жылдын 1-октябрында кызматтан кетмек. Бирок 2022-жылдын март айында өлкө лидерлери саммитте анын мандатын 2023-жылдын 30-сентябрына чейин узартуу чечимин кабыл алышкан. Ошентип анын ыйгарым укуктары 2024-жылдын 1-октябрында аяктамай болгон.
НАТО өлкөлөрү өзөктүк куралдарын согушка даярдоону талкуулап жатат