Садыр Жапаров Бишкекти жарнамалык такталардан тазалоону тапшырды

Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров борбор калаадагы жарнамалык такталарды Эгемендүүлүк күнүнө чейин алууну тапшырды.
Анын тиешелүү кайрылуусу өзүнүн социалдык баракчасына жайгаштырылган.

“Бишкек шаарынын мэриясына тапшырма: шаардын ичиндеги эски жарнамалык такталарды 31-августка чейин толугу менен тазалап, шаардын көркүнө ылайыктуу жана ыңгайлуу жерлерин LED экрандарга алмаштыргыла. Шаардын ичин иретке келтиргиле! Эски замандан чыккыла! Эшикте 21-кылым”, — деп жазган өлкө башчы соцбаракчасына.

Алмамбет Шыкмаматов президенттин жардамчысы болуп дайындалды