Путиндин КЭДРге жасаган мамлекеттик сапары

Путин: Россия Түндүк Кореянын көз карандысыздыгы үчүн күрөшүн колдойт

Пхеньян Россиянын көп полярдуу дүйнө курууга тоскоол болгон жамааттык Батышка каршы турууда тилектеш болуп кала берери белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Корея Элдик Демократиялык Республикасына (КЭДР) болчу сапарынын алдында Россия президенти Владимир Путин "Нодон синмун" басылмасына Пхеньяндын Украинада жүрүп жаткан атайын аскердик операциянын жүрүшүн колдоосун, маанилүү эл аралык маселелерде тилектештигин жана БУУ аянтчасында жалпы кызыкчылыкты коргоо даярдыгын жогору баалай турганын билдирген. Макала Кремлдин сайтына жарыяланды.
РФ лидеринин айтымында, Пхеньян Россиянын адилеттүүлүккө негизделген көп полярдуу дүйнө курууга тоскоол болгон жамааттык Батышка каршы туруусунда тилектеш болуп кала берет.
"Кореялык досторубуздун АКШнын көп жылдан берки экономикалык санкцияларына, чагымчылыгына, аскердик кооптуулугуна карабай өз кызыкчылыгын майнаптуу коргоп келе жатканы кубандырат. КЭДР кандай күч менен эркиндиги, көз карандысыздыгы, улуттук каада-салты үчүн күрөшүп жатканына күбөбүз. Өлкөнүн өнөр жай, илимий, технологиялык кубатын арттыруу, коргонуусун күчөтүү жаатындагы укмуштуудай ийгилигин да көрүп жатабыз", — деп жазган Путин.
Муну менен бирге Россия президенти Ким Чен Ын башында турган КЭДР жетекчилиги пикир келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечүүнү бир нече ирет сунуштаганын да белгиледи. Бирок Путиндин айтымында, Вашингтон келишимдерди аткаруудан баш тартып, улам катаал талаптарын коюп келет.
"Россия душманга каршы туруп, өнүгүү жолун өзү тандоо укугу, көз карандысыздыгы үчүн талбай күрөшкөн КЭДР менен баатыр элин дайым колдоп келген, мындан ары да колдой берет", — деди РФ президенти.
Путин Москва эл аралык мамилелерди турукташтырып, анын демократиялуу болушу үчүн тыгыз мамиле-алакага даяр экенин белгилеген.
"Бул үчүн биз сооданын, өз ара эсептешүүнүн Батыш көзөмөлдөй албай турган альтернативдүү механизмдердин өнүктүрүп, бир тараптуу мыйзамсыз чектөөлөргө биргелешип каршы туруп, ошол эле учурда Евразиядагы бөлүнгүс жана тең салмактуу коопсуздуктун архитектурасын кура беребиз. Албетте, эки өлкөнүн ортосундагы гуманитардык алака да көз жаздымда калбайт. Россия менен Кореянын жогорку окуу жайларынын академиялык мобилдүүлүгүн арттырып, туристтик сапарларды, маданий, агартуучу, спорттук иш-чараларды көбөйтөбүз", — деп жазылат макалада.
РФ президенти эки өлкөнүн жалпы аракети менен ортодогу мамилени мындан да жогорку деңгээлге чыгарууга ишеним арткан.
Эскерте кетсек, Путин 2000-жылдан бери биринчи жолу КЭДРге барат. Сапар Ким Чен Ындын чакыруусу менен 18-19-июнга пландалган. Россия президенти андан ары Вьетнамга жол уламакчы.
Ким Чен Ын Путин белек кылган автоунаа менен алгачкы ирет элге чыкты. Видео