Чаткалдын айылында РКӨФ каржылаган тигүүчү фабрика ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар айылында оңдоо-монтаждоо иштеринен кийин жаңы тигүү фабрикасы ишке кирди. Бул тууралуу РКӨФтөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, фонд аталган долбоорго 350 миң доллар бөлгөн. Ошондой эле фабрикада иштөө үчүн 27 мигрант үй-бүлөсү менен кайтып келгени белгиленди.
"Анда жалпы 150 адам иштейт. Келечекте 300гө чейин көбөйтүү мүмкүндүгү бар. Ишкана айына 25 миң буюм чыгара алат", — деп жазылат маалыматта.
Фонддун башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков быйыл республика боюнча мерчемделген 100 өндүрүштүк ишкананын 25и РКӨФ тарабынан колдоого алынарын кошумчалады.
Новиков Петербургда РКӨФ кыргыз-орус алакасына кандай салым кошконун айтты