Ысык-Көлдө бул жайда миңдей жетим, майыптыгы бар бала эс алат

Биринчи агым менен Баткен, Талас жана Ош облустарынан келген бөбөктөр жөнөп кетишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бул жайда майыптыгы бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жана ата-энеси жок миңдей баланы Ысык-Көлгө эс алууга жиберүү пландалууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова билдирди.
Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров быйыл мындай балдардын эс алуусуна каржылоону үч эсе көбөйтүп, 15 миллион сом бөлгөн.
"Балдар Ысык-Көлгө алтыга бөлүнүп барып, "Алтын балалык" ден соолукту калыбына келтирүү борборунда эс алышмакчы. Биринчи агым менен Баткен, Талас жана Ош облустарынан келгендер жөнөп кетишти", — деген министр.
Министрлик мындай эс алууну жылда уюштуруп келет.
Радио
Эс алуу лагерлеринде оор турмуштук абалдагы балдар үчүн орундар көбөйтүлөт