Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Медведев: украин бийлиги Москванын сунуштарын бекер эле четке какты

Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Украин бийлиги Москванын сүйлөшүүлөр боюнча сунуштарын бекер эле четке кагып жатат. Анткени абал мындан да начарлашы мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев билдирди.
РИА Новости маалымдагандай, ал Киевде Россиянын президенти Владимир Путин айткан сунуштарды кабыл алып, тынчтык орнотууга аракет кылуу мүмкүнчүлүгү дагы деле бар экенин, анткени ар бир кийинки сунуш мурункусунан да начар болорун белгиледи.

"Бирок алар Швейцариядагы жолугушууда муну четке кагышты. Демек, бардык сунуштар кабыл алынган жок. Муну менен талкуу баштапкы абалга кайтты. Бекер кылышты. Анткени ар бир кийинки сунуш мурункусунан да начар болот", — деди ал.

Медведев кырдаал азыркы украин бийлигинин пайдасына чечилбей турганын белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадагы тынчтык Россиядан башка эч кимге керек эместигин айтышты