Кыргызстан соңку учурда мамлекеттик капитализмге өтүүнү пландап жатат. Мында биз эки маанилүү факторго көңүл бурушубуз керек. Анткени мамлекеттик капитализмди колго алуу бир эле экономикалык эмес, саясий да иш болуп саналат. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик капитализмди колдонуу менен кыска убакытта экономикалык чоң секириктерди жасаган өлкөлөр арбын.
"Мамлекеттик капитализм — жаңылыштык кетирбесе экономикалык жактан алып караганда эффективдүү механизм. Ошол эле Маркс, Энегельстер бул тууралуу көп айтышкан. Мамлекеттик капитализмдин классикалык формасын алкачкылардан болуп Германия колдонуп, аз убакытта ошол кездеги экономикасы күчтүү Англияны басып өткөн. Андан кийин ийгиликтүү ишке ашырган өлкөлөр катары Япония, Түштүк Корея, Сингапур мамлекеттерин атасак болот. Учурда Россия да буга көңүл бурууда. Бирок бул бир гана экономикалык маселе эмес. Экономиканы көтөрүүдөгү саясий-экономикалык механизм десек туура болот. Анткени мамлекет кандай гана рычагдарды колдонбосун, эгер башкаруучулар мамлекетчил болбосо аракеттин баары текке кетет. Мамлекеттик капитализмди орнотууда алгач мамлекетчил кадрларды даярдап алуу керек. Ал эми бизде, тилекке каршы, ушул убакытка чейин либералдык экономикада жүргөндүктөн биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыгын эмес, өз чөнтөгүнүн, акчанын кызыкчылыгын ойлогон башкаруучулар иштеп жатат. Мамлекеттик капитализмди орнотуу үчүн Кыргызстанга "жаңы адамдар" — мамлекетчил кадрлар зарыл", — деди Мамытов.
Ал мамлекеттик капитализмде өлкө бардыгын өзү куруп анан көзөмөлдөп эмес, жеке секторго мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү менен иш жүргүзсө деле болорун кошумчалады.